Тил үйрөнүп, Европада, Дубайда иштегиңиз келеби? Анда сизге Москвадагы "Четтил" тил үйрөтүү борбору жардам берүүгө даяр

Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда 600 миң Кыргыз жараны эмгектенет. Алардын көбү Москва шаарында. Мекенинде эне тилинде гана сүйлөп жүрүп, бөтөн жерде чет тилди билбей кыйналган кыргыздар аз эмес.

Мекендештерге тил боюнча жардам берүү максатында 2011-жылы "Четтил" тил үйрөтүү борбору ачылган. Андан бери канча кыргыз жараны Пушкиндин, Шекспирдин тилинде эркин сүйлөп калды? Чет тилди тез үйрөнүүнүн кандай сырлары бар? Бул туурасында окуу жайдын директорунун орун басары Рафаэль Садык уулу SUPER.KG порталына айтып берди.

- Мекендештерибиз "Четтил" тил үйрөтүү борборунда кайсы тилдерди үйрөнө алышат?

- Биздин борбордо орус, англис, түрк, немис, кытай, араб жана корей тилдерин үйрөтүлөт. Мындан тышкары жумушка орноштурууда жардам беребиз. 7 жыл ичинде бизде миңден ашуун студент окуду. Курстан өткөн соң аларга эл аралык стандарттагы сертификаттар берилет. Тажрыйбабыз боюнча карасак, мекендештерибиз 1,5-2 айда орус тилде эркин жана так сүйлөөгө үйрөнүп жатышат.

Жакында ишкерлердин колдоосу менен атайын "бизнес-менеджмент" курсу да старт алганы турат. Анда биз:
- идеяны кантип ишке ашыруу керектигин;
- финансылык сабаттуулук;
- инвестор тартуу;
- партнёрлор менен туура мамиле кылганды жана башка көптөгөн бизнеске тиешелүү нерселерди үйрөтөбүз. Андыктан каалоочулар азыртадан баштап жазыла беришсе болот.

- Студенттериңизге жумушка орноштурууда кандай жардам бересиз?

- Түрк тилин жакшы үйрөнгөндөрдү Түркияга, англис тилин мыкты өздөштүргөндөрдү Дубай, Катар, Кувейт, Бахрейн, Польша, Чехия, Германия, Венгрия, Швецияга жумуш виза ачтырып, келишим түзүп, расмий жумушка орношууга жардам беребиз. Грин-карта толтурганга да жардам беребиз. Мындан сырткары мектепке чейинки балдарды да мектепке даярдайбыз, мектеп окуучуларына жардам беребиз. Орусиядагы ОГЭ (Негизги мамлекеттик экзамен), ЕГЭ (Бирдиктүү мамлекеттик экзамен) экзамендерин, TOEFL, IELTS тапшырууга да көмөк көрсөтөбүз.

- Москвада канча тил үйрөтүүчү жайлар бар? Сиздики эмнеси менен айырмаланат?

- Орусиянын борбор калаасында кыргыздар ачкан 4-5 мындай мектеп бар. Биздин мектеп эң алгачкы болуп ачылган. Учурда эки кеңсебиз бар, экөө тең метродон 5 мүнөттүк жөө жүрүш алыстыкта жайгашкан. Ошондой эле бизде дайыма кызыктуу акциялар жүрүп турат. Курстардын баалары ар бир студент менен өз-өзүнчө, анын графигине ылайык макулдашылат. Биздин борбордогу баа эң жеткиликтүү.

- Окутуучулар тууралуу айта кетсеңиз?

- Биздин окутуучулардын бардыгынын жогорку билими тууралуу диплому бар. Алардын арасында мен да бармын, Дубайда окуп келгем. Окутуучуларыбыз абдан жоопкерчиликтүү, ар бир студент менен тил табышууну мыкты билишет. Ар биринин 3 жылдан ашуун тажрыйбасы бар. Эң башкысы, алар жумушун жана студенттерин жакшы көрүшөт.

- Тил үйрөтүү процесси кандай өтөт?

- Бир топко 5тен ашык эмес адам кабыл алынат, анткени ар бир студентке жетиштүү көңүл бурулуш керек. Сабактардын ырааттамасы алардын суранычтарына ылайык түзүлөт. Сабакта биз көбүнчө практикага басым жасайбыз, тагыраагы, грамматиканы түшүндүргөн соң ошол эле күнү практикада колдонобуз.

- Мекендештерибиз тил үйрөнүүдө кандай кыйынчылыктарга кезигет?

- Алар көбүнчө Москвага акча табуу үчүн келишет. Иш графиктери ар кандай болот, айрымдар күнүнө 12 саат иштейт. Биз аларга ыңгайлуу убакта сабактарды өткөрөбүз. Бирок биздин стандарт: жумасына 3 сабак, ар бири 90 мүнөттөн. Ошондо бир айда 12 сабак болот. Окуу процессинде чай же кофе беребиз.

Мекендештерибиз түрдүү жумуштарда иштешет эмеспи. Буга байланыштуу программасын да бөлөбүз: бизнесмендер үчүн, ашпозчулар үчүн, сатуучулар үчүн. Убакытты үнөмдөө үчүн бул эң жакшы мүмкүнчүлүк: кимге эмне керек болсо, ал ошону гана үйрөнөт.

- Маегиңизе рахмат!

"Четтилде" окуган мекендештер учурда кайсы жерде иштеп, канча киреше таап жатканын айтып беришти.

Минура, 23 жашта: "Мен "Четтил" тил үйрөтүү борборунда 6 ай окудум. Окуп баштаганда эле резюмемди Дубай, Катар, Кувейт, Бахрейн өлкөлөрүнө жөнөткөн болчумун. Ошентип интервью болду, эки күндөн кийин жумушка кабыл алындың деп сүйүнчүлөштү. Ошону менен 2 жылдан бери Дубайда отелде ресепшн болуп иштеп келем. Айлыгым 1600 доллар. Жатакана, тамак-аш бекер. "Четтил" тил үйрөтүү борборуна терең ыраазымын. Сиздерге да ушул жерден билим алууну сунуштайм. Англис тилди билгениң - ааламга жол ачканың"

Даниел, 24 жашта: "4 айда англис тилин "Четтил" тил үйрөтүү борборунда үйрөндүм. Учурда Дубайда кийим сатуучу дүкөндө сатуучу болуп иштейм. Айлыгым 2000 доллар. Буюрса, жаңы жылга чейин эки кабаттуу ак өргөөмдү бүтүрүүгө аракеттенип жатам. "Четтилдин" үйрөтүү программасы мага аябай жагат, бизди окуткан Рафаэль агайыбызга терең ыраазымын. Сиздер да тил үйрөнүп, өз келечегиңиздерди өзүңүздөр курсаңыздар болот демекчимин".

Биздин дарек:

1) Москва шаары, Автозаводская метросу, Ленинская слобода көчөсү, 9 (метродон жөө 2-3 мүнөт)

2) Москва шаары, метро Волгоградский проспект, Мельникова көчөсү 3, корпус 7 (метродон жөө 5-7 мүнөт)

Байланыш телефондорубуз:

+7 977 549 11 94 (ватсап бар)
+7 926 732 02 67 (ватсап бар)
+7 926 644 43 04

Инстаграмда:
@chettil_language_school
@elibaev_rafael


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан