MegaCom "Активдердин кирешелүүлүгү" республикалык рейтингинде I орунду ээледи

MegaCom компаниясы "Активдердин кирешелүүлүгү" республикалык рейтингинин көч башында болуп, алдыңкы сапты ээледи. Аталган рейтинг жыл сайын мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттыруучу көрсөткүч боюнча түзүлөт. Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземинде "Альфа Телеком" ЖАКсынын башкы директору Азат Базаркуловго Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун Коомдук кеңеши тарабынан Ардак грамота тапшырылды.

Ата мекендик уюлдук байланыш оператору 2017-жылы мамлекеттин бюджетине салыктарды жана дивиденддерди которуу боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен. Бул үзүрлүү эмгеги татыктуу бааланды.

100 пайыз акциялары мамлекетке тиешелүү болгон MegaCom өлкөнүн ири салык төлөөчүлөрүнүн да сап башында. Демек, өз мобилдик оператору катары MegaCom компаниясын тандаган кыргызстандыктар заманбап жана сапаттуу байланыш кызматтарынан колдонуп гана тим болбостон, өлкөбүздүн өнүгүшүнө да өз үлүшүн кошо алышат. Бүгүнкү күндө MegaCom ISO 9001:2015 версиясынын сапаттык менеджмент тутумунун тастыктамалоосунан өткөн Кыргыз Республикасындагы бирден-бир уюлдук оператор болуп саналат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан