8-октябрь күнү төрөлгөндөр сыртынан мүнөзү жумшак көрүнгөнү менен темирдей бекем, эрктүү, кайраттуу жана кыраакы келишет. Талаш-тартыш жаралган учурда экинчи адамдын пикирин сыйлагандай түр көрсөтүү менен өзүнүкүн бербей, дайыма баары анын оюндагыдай болушун талап кыла берет.
Анан да сөзүнө бек болуу менен башкалардан да туруктуулукту күтөт. Бул күнү төрөлгөндөр интеллектуалдуу, адамдын психологиясын башкара алган, оюн жүзүнөн же сөзүнөн окуй алууга жөндөмдүү келишет. Алардын жүзүнө карап калп айтуу - чоң жаңылыштык. Калп айткандарды кечире албайт жана чыккынчылыкты жүрөгүнө жакын кабыл алышат.