MegaCom: "Элдик S/M/L" жана "Элдик S/M/L + TV" топтомдорун эмне үчүн тандашат?

Бүгүнкү күндө мобилдик телефон менен дээрлик бардык замандаштарыбыз колдонот эмеспи. Абоненттерибиздин айрымдары интернет ааламында саякат жасоону кааласа, айрымдары телефон менен сүйлөшүүгө артыкчылык беришет. Алардын арасында мессенжерлер аркылуу баарлашууну жакшы көргөндөр же почтасын чанда гана текшергендер да бар. "Элдик S/M/L" жана "Элдик S/M/L + TV" топтомдору ар бир абоненттин көңүлүнө төп келе тургандыгы бышык жана топтомдордун артыкчылыктарына токтоло кетели:

✔ Интернет-трафиктин абдан чоң көлөмдөрү

"Элдик S/M/L" жана "Элдик S/M/L + TV" топтомдору жума сайын алынуучу абоненттик төлөмдүн наркына жараша 2100 мегабайттан 20 гигабайтка чейинки күндүзгү көлөмдөрдү өз ичине камтыйт. Интернет-трафиктин ири көлөмдөрү жакындарыңыз менен баарлашуу үчүн, HD форматында видеороликтерди жана фильмдерди көрүү үчүн, музыканы жүктөө жана башкалар үчүн да жетет. Топтомдор тууралуу толугураак маалымат бул жерде.

✔ Түнкү чектөөсүз интернет

Түнкүсүн интернет менен көп колдоносузбу? "Элдик S/M/L" жана "Элдик S/M/L + TV" топтомдору менен негизги интернет-трафикти сарптабастан, 01:00дөн 07:59га чейин, чоң көлөмдөгү файлдарды жүктөп алууга мүмкүнчүлүк бар.

✔ Акысыз чалуулар

Ар бир топтомдо MegaCom түйүнүнүн ичиндеги акысыз баарлашуу мүнөттөрү (L жана L+TV топтомдорунда түйүн ичиндеги чалуулар чектөөсүз) жана Кыргызстандын башка операторлорунун номурларына чалуулар үчүн мүнөттөрдүн белгиленген саны камтылган. Абоненттер ар дайым менен жакындары менен байланышта боло алышат.

✔ Акысыз мобилдик телеберүү

"Элдик S/M/L + TV" тарифтик планын кошуп алган колдонуучулар абоненттик төлөм төлөбөстөн, өз смартфонунун экранынан Mega iTV аркылуу 140тан ашуун ата мекендик жана чет элдик телеканалдарды көрүүдөн ырахат алышат. Мобилдик тиркемени App Store же Google Play аркылуу жүктөп алыңыз.

Автожаңыртуу

Эгерде топтомдун мөөнөтү өтсө, опцияны кайрадан кошуу үчүн буйрууну терүүнүн зарылчылыгы жок. Балансты толуктагандан кийин жаңы топтом автоматтык түрдө кошулат.

"Элдик S/M/L" жана "Элдик S/M/L + TV" тарифтер түркүмү тууралуу маалымат компаниянын расмий сайтында.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан