Баткен. Кайрымдуулук фонду курмандык чалып, элге эт таратты

Баткен эли мусулмандардын ыйык күнү болгон Курман айт майрамын белгилешти. 26-октябрь күнү 6 мал курмандыкка чалынып, Баткен шаарынын Маданият үйүндө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, тылда иштегендерге жана жарды үй-бүлөлөргө 3 килограммдан эт “Хасани” кайрымдуулук фонду тарабынан таратылды. Мындан сырткары жаш мектеп окуучулары үчүн 90 миң сомдук момпосуйлар, түрдүү шириндиктер берилди. Бул тууралуу Баткен облусунун губернаторунун 1-орун басары Карамат Орозова билдирди.     
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан