Футбол боюнча кыздар арасындагы Азия чемпиондугунун тандап алуу этабы: Кыргыз курамасы бүгүн Бишкекте Гуам курамасы менен ойнойт

Бүгүн, 24-октябрда Бишкек шаарында футбол боюнча кыздар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугунун тандап алуу этабынын 3-туру орун алат. Мелдеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтүп, анда "С" тайпасында Кыргыз өлкөсү, Өзбекстан, БАЭ, Гуам жана Мальдив аралдарынын курама командалары күч сынашат.

Мелдештин 3-туру Өзбекстан-Мальдив аралдары беттешинен башталып, саат 16:00дө Кыргыз өлкөсү-Гуам курамасы менен ойнойт.

2 турдун жыйынтыгында Кыргыз курама командасы 3 упайга ээ болуп келүүдө. Кыргыз футболчулары 1-турда БАЭ курама командасын 2:1 эсебинде утуп алып, 2-турда эс алган. Гуам курамасы дагы 3 упайга ээ болуп келүүдө, алар 1-турда Мальдив аралдарынын курамасын утуп, 2-турда Өзбекстан курамасына жеңилип калган.

Айта кетсек, мелдештин жыйынтыгында финалдык этапка тайпанын жеңүүчүсү жана тайпалар арасында мыкты көрсөткүч менен 2-орунду ээлеген командалар чыгат. Финалдык этап 2019-жылы Таиландда өтөт.

Беттештердин жүгүртмөсү:

  • 24-октябрда өтүүчү беттештер:
    • 12:00. Өзбекстан-Мальдив аралдары;
    • 16:00. Кыргыз өлкөсү-Гуам.
  • 26-октябрда өтүүчү беттештер:
    • 12:00. БАЭ-Өзбекстан;
    • 16:00. Кыргыз өлкөсү-Мальдив аралдары.
  • 28-октябрда өтүүчү беттештер:
    • 12:00. Гуам-БАЭ;
    • 16:00. Өзбекстан-Кыргыз өлкөсү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан