Иран Израилдин чабуулу башталгандан бери канча жараны каза тапканын билдирди

Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги Израилдин соккуларынан 606 адам каза болгонун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, 13-июндан бери болуп жаткан Израил менен Ирандын ортосундагы кагылышуудан Иранда 606 адам каза таап, 5 миңден ашык жаран жаракат алды.

Министр Мохаммад Реза Зафарганинин айтымында, акыркы 24 сааттын ичинде эле 107 адам каза тапкан.

Коопсуздук чараларынын жана Ирандагы журналисттердин ишине коюлган чектөөлөрдөн улам келтирилген зыяндын масштабын аныктоо кыйын экени айтылды. Бирок бул кагылышууну көзөмөлдөп жаткан Human Rights Activists уюму каза болгондордун саны расмий сандан эки эсеге көп болушу мүмкүн экенин билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан