Кечээ, 25-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугу башталды. Анда мелдештин алгачкы күнү килем үстүнө 3 кыргыз балбаны чыгып, алардын арасынан 19 жаштагы Жоламан Шаршенбеков 55 килограммга чейинки салмак ченинде финалга чыкты.
Шаршенбеков мелдештин жүрүшүндө бир дагы атаандашына мүмкүнчүлүк берген жок. Кыргыз балбаны алгачкы атаандашын 9:0 эсеби менен утса, чейрек финалда 11:0 менен жарым финалда 9:0 эсеби менен жеңип алды.
Эми финалда Жоламан Шаршенбеков азербайжандык Эльдениз Азизли менен күрөшүп, алтын медалды утуп алууга аракет кылат.
Эльдениз Азизли - 26 жашта, ал Баку шаарындагы "Нефтчи" клубунда машыгат. 2007-жылдан бери Вагиф Фейзуллаев анын жеке машыктыруучусу болуп келет. Эльдениз Азизли Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун ар түрдүү мелдештеринде 19 медаль тагынып, анын ичинде 11и алтын, 2си күмүш жана 7си коло медалдар. Азизли өспүрүмдөр арасында Европанын 3 жолку чемпиону (2007, 2008, 2009), жаштар арасындагы Европанын 2 жолку чемпиону (2010, 2011), жаштар арасындагы 2 жолку Дүйнө чемпиону (2010, 2012), чоңдор арасында Европанын чемпиону (2018) жана коло медалынын ээси 2011.
Эльдениз Азизли 2018-жылы 4 эл аралык мелдешке катышып, аларда 2 алтынга ээ болгон. Азизли февраль айында Украинанын Киев шаарында өткөн мелдеште финалга чыгып, анда грузиялык Нугзари Тсуртсумианы утуп алган. Апрель айында Европа чемпиондугу болуп, анда Азизли кайрадан финалга чыгып чемпиондукка ээ болгон. Июль айында Азизли "Вехби Эмре" мелдешинде 10-орунду ээлеп, сентябрь айында өткөн эл аралык мелдеште 5-орунга ээ болуп калган.
Жоламан Шаршенбеков тууралуу айта кетсек, ал өспүрүмдөр арасында Азиянын чемпиону (2015), коло медалынын ээси (2016) жана Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси (2016), жаштар арасында Шаршенбеков Азия жана Дүйнө чемпиондуктарынын күмүш медалдарынын ээси (2017). Ал эми чоңдор арасында Шаршенбеков Азия чемпиондугунун күмүш медалын тагынган.
Финалдык беттештер бүгүн, 26-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.