Кытай интернет колдонуучулар үчүн мамлекеттик санарип ID киргизүүдө

Кытай бардык интернет колдонуучулар үчүн мамлекеттик санарип ID киргизүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, аталган мыйзам долбоору май айынын аягында кабыл алынып, 15-июлдан тарта күчүнө кирет. Колдонуучулар санарип IDни мамлекеттик порталдар аркылуу ала алышат. Азырынча бул документти алуу ыктыярдуу мүнөздө болот.

Кытайда көптөгөн санариптик платформаларга катталуу буга чейин эле жеке документ же банк картасы аркылуу өздүгүн ырастоодон кийин гана мүмкүн болуп келген.

Жергиликтүү бийликтин билдирүүсүнө караганда, улуттук санарип ID киргизүү онлайн платформаларда катталуу процессин жеңилдетет. Эми ар бир сайтка өзүнчө катталып отуруунун кереги жок.

Мамлекет тарабынан берилүүчү санарип ID Эстония, Индия, Франция, Испания жана Германияда да бар. Бирок бул өлкөлөрдө ал онлайн платформаларга кирүү үчүн колдонулбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан