Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Калы Сулайманов жеңилүү ызасын тартып, жарым финалга чыга албай калды

Бүгүн, 26-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча мелдеши уланууда.

Анда Кыргыз өлкөсүнөн килем үстүнө Калы Сулайманов чыгып, 60 килограммга чейинки салмак ченинде күрөштү. Ал чейрек финалда казакстандык Айдос Султангали менен кез келип, беттештин жыйынтыгында 1:9 эсеби менен утулуп калды. Муну менен казак балбаны жарым финалга чыкты, ал финалга чыга алса Калы Сулайманов көңүл жубатуучу раундда күч сынашканга мүмкүнчүлүк алат.

Буга чейин Калы Сулайманов эквадордук Роберто Монтано менен азербайжандык Мурад Маммадовду утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан