28-октябрда Бишкек шаарында футбол боюнча кыздар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугунун тандап алуу этабынын алкагында Кыргыз курама командасы Өзбек курамасы менен тайпадагы биринчи орун үчүн беттешти.
Төрт турдун жыйынтыгында 2 кураманын капчыктарында 9 упайдан бар. Муну менен 2 курама команда тең биринчи орунду ээлеп келишкен.
Оюндун 13-мүнөтүндө Өзбек курама командасынын оюнчусу Шахноза Курбонова 11 метр аралыкта таамай сокку узатып эсеп санын ачты. 1-бөлүктүн акыркы мүнөттөрүндө Кенжебүбү Ырысбек кызы эсеп санын теңей алган. Ал эми оюндун 73-мүнөтүндө Тожинисохон Рашидова өз командасы үчүн бир таамай гол узатса, кошумча убакытта Арина Смирнова да өзгөчөлөнө алган. Эсеп саны 3:1 болуп, оюн Өзбек курамасынын жеңиши менен аяктаган.
Тайпада биринчи орунду ээлеген Өзбек курама командасы 2019-жылы Таиландда өтүүчү финалдык этапка жолдомо ала алды. Буга карабастан Кыргыз курама командасы дагы эң жакшы көрсөткүч көрсөтүп, көп упай топтогон курама катары финалдык этапка өтүү мүмкүнчүлүгүн жогото элек.