Мектеп окуучуларынын өздүк делолору санариптик форматка өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, окуучунун электрондук өздүк делосу окуучунун жетишкендиги жөнүндө маалыматты, социалдык жана демографиялык маалыматтарын камтыйт.
Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева кабарлагандай, электрондук өздүк делону киргизүү билим берүү системиндеги санариптик трансформациянын логикалык уландысы болуп калды. Бул кадам документ жүгүртүүнү жөнөкөйлөтүүгө гана мүмкүндүк бербестен, окуучулар тууралуу маалыматтарды чогултууга, сактоого жана пайдаланууга болгон мамилени да кескин өзгөртөт.
"Мурда папкаларда сакталган бардык кагаз түрүндөгү жеке делолор санариптештирилип жатат. Жаңы окуу жылынан баштап ар бир баланын электрондук өздүк делосу болот. Бул билим берүү траекториясын, жетишкендиктерин, ошондой эле окуучунун мектептер арасында жылышын маалыматтарды жоготпостон көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет",- деди Лира Самыкбаева.
Электрондук өздүк делодо академиялык маалымат (жетишкендиги, олимпиадаларга катышканы, тартиптик эскертүүлөр) да, маанилүү социалдык маалыматтар (баланын статусу, майыптыгынын бар экендиги, аярлуу топторго таандыктыгы ж.б.) да чагылдырылат.
ЭӨДны киргизүүнүн негизги максаттарынын бири мугалимдер менен мектептердин ишин бюрократиядан арылтуу болуп саналат. Министрликтин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө мугалимдер ар түрдүү мекемелерге – Саламаттык сактоо министрлигинен тартып райондук администрацияларга чейин – 46га жакын түрдүү отчётторду толтурушат. Отчёттордун көпчүлүк бөлүгү облустар жана райондор боюнча окуучулар тууралуу ар кандай статистикалык маалыматтарды чогултууга багытталган. Электрондук өздүк дело маалыматты чогултууда жана отчётторду түзүүдө кайталоону жоюуга жана жүктү азайтууга шарт түзөт.
Мындан тышкары, быйыл билим берүүдөгү электрондук сервистер долбоорунун алкагында мектепке электрондук каттоо системи жакшыртылды. Ата-энелер эми кагаз маалымкаттарды чогултпай туруп арыз бере алышат. Ага баланын жеке идентификациялык номери гана жетиштүү.