Кыргыз мамлекетиндеги эң төмөнкү айлык акынын көлөмү 1200 сом. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Экмат Байпакбаев айтты.
Депутат Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Эсен Нурдиновдон эң төмөнкү айлык акы канча экенин сураганда Нурдинов 6000 сомдун тегереги экенин белгиледи.
Депутат аны менен макул болгон жок. “Бүгүнкү күндө өлкөдө эң төмөнкү айлык акынын көлөмү 1200 сом. Бул акчаны бир күндө тапса болот, алар 1 айда ушундай акчаны алышат. Сиз мага 6 миң сом деп айтып жатасыз. Бул маселе алар кийин пенсия алганда өзүнүн кедергисин тийгизет”, - деди Байпакпаев.
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Эсен Нурдиновдун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө пенсиянын эң төмөнкү көлөмү - 1000 сом.
“Өлкөдө азыр 648 миң пенсионер бар, жылына буларга 50 миллиард сом каражат кетет”, - деди Нурдинов.