Бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаардык сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасы каралат. Соттун имаратынын алдына Икрамжан Илмияновдун тарапташтары чогулду. Сот саат 16:00дө башталмак, бирок белгисиз себептерден улам баштала элек. Икрамжан Илмияновду колдоп келгендердин саны 100гө жакын.
Буга чейин Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын июнь айында өлкөдөн чыгып кетип кайрылып келбегени маалымдалган. Ага УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Илмияновдун кармалганы белгилүү болгон. 20-октябрда аталган сот Илмияновдун баш коргоо чарасын карап, аны 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда кармоо чечимин чыгарган.