Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов учурда кайда жүргөнү белгисиз. Мындай маалыматты 19-октябрда УКМКнын маалымат кызматы таратты. Маалым болгондой, Илмиянов 2018-жылдын июнь айында өлкөдөн чыгып кетип кайрылып келген эмес.
"Икрамжан Илмияновго издөө жарыяланган. Ал 2018-жылдын июнь айында өлкөдөн чыгып кеткен жана учурда кайда жүргөнү белгисиз. УКМК азыркы тапта ыкчам изилдөө иштерин жүргүзүп жатат", - деп билдиришти УКМКдан.
Илмияновго УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган.