31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарды. Ошондой эле аны Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидерлигинен алуу боюнча депутаттарга кат жолдонду. Өмүркулов өзү фракция лидерлигинен кетпей турганын айтты.
SUPER.KG порталынын "Иса Өмүркуловдун эми КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясын жетектегени канчалык мыйзамдуу?" деген соболуна КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева жооп берди.
“Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылганы тууралуу маалыматты бүгүн окудум. Мен партиянын органдарында жетекчи, саясий кеңеште мүчө дагы эмесмин. Саясий кеңештин отуруму болдубу же болгон жокпу, так биле албайм. Ар бир партиянын өзүнүн уставы бар. Мен саясий кеңештин мүчөсү болбогондуктан отурум легитимдүү же легитимсиз өткөнүн айта албайм. Маселе фракция жыйынында каралат. Бардыгы мыйзамдын чегинде болушу керек.
Быйылкы Бишкек ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыктан кийин партияда тирешүү пайда болду. Учурда ЖЭБ боюнча тергөө болуп жатат. Ушунун артынан көп маселе бар. Тирешүү бар. Бул маселе дагы фракциянын жыйынында каралат”, - деди Алтыбаева.
Жогорку Кеңештин төрагасы
Дастанбек Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаттары
Жыргалбек Турускулов,
Тазабек Икрамов, Төрөбай Зулпукаров, Дастан Бекешев, Улугбек Ормонов, Кожобек Рыспаев, Исхак Масалиев, КСДПнын расмий өкүлү
Кундуз Жолдубаеванын пикири бул
шилтемеде.