Депутат Дастан Бекешев: "Иса Өмүркуловдун фракцияны жетектегени мыйзамдуубу же мыйзамсызбы, карап чыгуу керек"

31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарды. Ошондой эле аны Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидерлигинен алуу боюнча депутаттарга кат жолдонду. Өмүркулов өзү фракция лидерлигинен кетпей турганын айтты.
SUPER.KG порталынын "Иса Өмүркуловдун эми КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясын жетектегени канчалык мыйзамдуу?" деген соболуна КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев жооп берди.
“Анын фракцияны жетектегени мыйзамдуубу же мыйзамсызбы, карап чыгуу керек. Өмүркуловду фракциядан чыгаруу чечими кабыл алына элек. Чогула элекпиз, маалыматыбыз дагы жок. Ал эми Иса Өмүркуловдун партиядан чыгышы тууралуу кандай пикирде экенибизди дагы ойлонобуз”, - деди Бекешев.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Тазабек Икрамов, Төрөбай Зулпукаров, Айнуру Алтыбаева, Улугбек Ормонов, Кожобек Рыспаев, Исхак Масалиев, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан