УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов: “Азыркы күнгө чейин өлкөдө Саакашвилидей же Пашиняндай адамдарды жолуктура албадым”

Армениянын экс-премьер-министри Никол Пашинян ушул жылдын 8-майында өкмөт башына келип, 2 айда мамлекеттик бюджеттен уурдалды делген 42 миллион долларды кайтарды. Ошондой эле өлкөнүн мурдагы башчыларына кылмыш ишин козгоп, бийликтин бардык бутагындагы кадрларды алмаштырып, учурда мөөнөтүнөн мурда өтчү парламенттик шайлоого даярданууда. Ал эми Грузиянын эки жолку президенти Михаил Саакашвили да дүйнөгө мыкты реформатор катары тааныла алды. Ал бийлик башына келип эле укук коргоо органдарындагы 20 миңге чукул кызматкерди кызматтан бошотуп, жаңы электрондоштурулган систем курган. Андан сырткары коррупция менен аёосуз күрөшүп, салыктын түрүн 22ден 6га түшүргөн.

SUPER.KG порталынын "Кыргыз саясатында Пашинян, Саакашвили сыяктуу реформаторлор барбы?" деген соболуна УКМКнын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Максат Мамытканов жооп берди.

Мамыткановдун айтымында, өлкөдө реформаларды ишке ашыруу үчүн байлардын каткан акчалары керек болот.

“Мен 2006-жылы кызматтан кеткенден кийин саясатка аралашып, көп атагы чыккан саясатчылар менен таанышып, алардын ой-максаттарын уктум. Азыркы күнгө чейин Саакашвилидей же Пашиняндай адамдарды жолуктура албадым. Маркум Мелис Эшимканов аягында бардыгынын калпына чыдабай Бакиевдердин сөзүнө көндү. Көп саясатчыларды билип, алардын иш-аракеттерин көргөндөн кийин бир суроо туулат: "Эмне үчүн 27 жылдан бери кандай гана адамдарды чоң даражаларга, шайлоо менен, революция менен, кандуу окуялардан кийин көтөрсөк дагы, эч нерсе өзгөрбөй жатат?" Демек, биз, баарыбыз өзүбүздү алдоого жол бериптирбиз. Муну түшүнүп, моюнубузга алышыбыз керек.

Михаил Саакашвилинин реформаларын жаштар колдогон. Бирок ошол жаштарга акчалай жардам катары грузин олигархтары тирөөч болуп беришти. Грузин олигархтар Бадри Патаркацишвили жана Каха Бендукидзе Орусиядагы бүт байлыгын сатып, миллиарддаган долларды Грузиянын экономикасына салышты. Анткени алар жаңы Грузияны түзгөнгө өздөрүнөн башка эч ким акча бербестигин билишкен. Ошол олигархтар өлөрүнүн алдында жок дегенде “байлыгыбыз Грузияга арналсын” деген. Алар атуулдук ою бар адамдар болчу. Ошентип грузиялык байлар банк системин акчага толтуруп мамлекетти жана элди каржылаганга шарт түзүп беришти. Грузиянын калкы 4,5 миллион киши, жер аянты 68 миң чарчы чакырым, Кыргыз жергесинен 3 эсе кичинекей мамлекет. Алардын алтын кендери, мөңгүсү жок, бирок банк системиндеги акча көлөмү 14 миллиард доллар. Кыргыз банк системиндеги акчанын көлөмү 1,8 миллиард доллар. Грузияныкынан 7 эсе аз. Анан кантип Кыргыз Республикасы өнүксүн? Маселенин баары биздин байлардын мээсинде. Байлыгын каякка катып, эмне кылып жүрүшөт?” - дейт Мамытканов.

Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Каныбек Осмоналиев, Равшан Жээнбеков саясатчы Таалатбек Масадыков, мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошев, саясий эксперт Игорь Шестаков жана саясий ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан