Өкмөттүк аппараттын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы болуп Алымбек Орозбеков дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Алымбек Орозбеков 2004-жылы Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын интеграция институтунун эл аралык байланыштар факультетин аяктаган. 2011-жылы Япониянын Кобе шаарындагы мамлекеттик университетинин эл аралык экономикалык кызматташтык жана политология факультетин бүтүргөн.
- 2005-жылы Улуттук статистикалык комитетинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- 2008-жылы Улуттук статистикалык комитетинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси;
- 2008-2009-жылдары президенттик администрациянын котормо жана мамлекеттик актыларды чыгаруу секторунун референти;
- 2012-жылы Экономика министрлигине караштуу инвестиция боюнча бөлүмүнүн эксперти;
- 2012-2013-жылдары аталган министрликтин инвестиция жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу;
- 2015-жылы инвестиция жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк башкармалыгынын башчысы;
- 2016-2017-жылдары аталган министрликтин Экспорт жана инвестицияларды алдыга жылдыруу агенттигинин жетекчиси;
- 2017-жылдан тарта Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.
Ал Экономика министрлигине караштуу Экспорт жана инвестицияларды алдыга жылдыруу агенттигинин жетекчиси болуп турганда ага катуу сөгүш жарыяланган. Анда премьер-министр азыркы президент Сооронбай Жээнбеков болчу. Маалымат каражаттарына 2016-жылдын октябрында "Супара" этнокомплексинде Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда чет элдик делегацияны тосууга аталган агенттик 150 миӊ сом жумшаганы тууралуу маалымат тарап, документтер жарыяланган. Бул боюнча өкмөттүк аппарат кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы тууралуу булар айтылат: "Экспорт жана инвестицияларды алдыга жылдыруу агенттигинин документинде көрсөтүлгөн маалымат чындыкка туура келбейт. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын октябрында "Супарада" чет элдик делегация катышкан кечки тамакта болгон эмес".