Бишкек ШИИББи: "Бишкекте унаасына аялды камап алган таксист аны зордуктоого аракет кылган"

Бишкекте унаасына аялды камап алган таксистке карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, аялды унаасына камап алган таксист аны зордуктоого аракет кылган.

"Окуя 24-ноябрда Бишкектеги кичи райондордун биринде болгон. Таксинин айдоочусу 49 жаштагы Б.Ч. кечээ, 27-ноябрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жабырлануучу аялдын жазган арызынын негизинде таксистке "зордуктоого аракет кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду", - деди шаардык милициянын басма сөз катчысы.

Эске сала кетсек, социалдык тармактарда унаада жардам сурап кыйкырган аялдын видеосу тараган. Интернет колдонуучулар белгисиз аялды унаасына камап алган таксистти жазага тартууну өтүнүшкөн.

Бишкекте унаасына аялды камап алган таксистке "зордуктоого аракет жасоо" менен кылмыш иши козголду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
katerina.li
2018-11-28 11:25:51
Ошо да явно эле корунуп туратко кылмыш кылайын дегени,Жана токто ,токто дайынын билели дегендер эмне дейсинер Эми??
+3
Eldar6724
2018-11-28 15:34:26
katerina.li, "Жабырлануучу аялдын жазган арызынын негизинде таксистке "зордуктоого аракет кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду", дейт, Таксистин корсотмосун да угуп коройлукчу, эмне деп актанат болду экен.
0
talaa11
2018-11-28 11:44:03
Мындай акмактарга катуу чара корбосо мындай корунуш кайталана берет
+5
Shaa-82
2018-11-28 11:55:46
Таксиге чыккандан да коркосун адам.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан