Кыргызстанда өткөн жылга салыштырмалуу алтынды экспорттоо 10,7 пайызга азайган
2013-жылдын январь-май айында тышкы соода жүгүртүү
көлөмү 2707,4 миллион долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу
8,4 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз
кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы соода жүгүртүүдө экспорттун көлөмү
19,9 пайызды түзсө, импорт 80,1 пайыз болгон. Товарлардын экспорту 2012-жылдын
алгачкы 5 айына салыштырмалуу 7,9 пайызга, алтынды экспорттоо 10,7 пайызга
азайган. Ал эми импорттун көлөмү 13 пайызга жогорулаган.