Жылдын мыктыларын тандоо маалы келди. SUPER.KG порталында жыл мыктыларына добуш бериңиз
Жыл аяктарына бир гана ай калды. Демек, жыл мыктыларын тандоо маалы келди. SUPER.KG порталында жылдын мыктысы деп эсептеген адамыңызга добуш берүү башталды.
Маданият, шоу тармагында кара терге түшүп, тыным албай иштегендер кимдер болду? Аны сиздин добушуңуз чечет. Ырчылардын, актёрлордун, актрисалардын, вайнерлердин андан сырткары тасма, клиптердин тизмеси SUPER.KG порталына жүктөлдү. Сынакка 2017-жылдын ноябрь айынан ушул жылдын ноябрына чейинки ырлар, клиптер, тасмалар катышат. Добуш берүү 30-ноябрдан 22-декабрга чейин уланат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен эң көп упай топтогон талапкер “Жылдын супери” деп табылат.
Буга чейин "Заманыбыздын супер ырчысы" наамын алган ырчы айымдар жана мырзалар жылдын тандоосуна катышпайт.
"Жылдын суперлерин" сыйлоо аземи Бишкек шаарындагы "Бишкек Парк" соода борборунда 24-декабрда өтөт. Башталышы саат 17:00дө.