16-июль күнү саат 00:19да Чүй облусунда күчү 2-2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Бишкек шаарынан түндүк-чыгышты карай 50 чакырым, Ысык-Ата курортунан 18 чакырым түштүктү карай, Токмок шаарынан түштүк-чыгышты карай 55 чакырым алыстыкта орун алды. Жабырлануучулар болгон жок.