Кыргызстандын дипломатиялык кызматы жөнүндө жаңы мыйзамга кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын дипломатиялык кызматы жөнүндө” мыйзамга кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 30-майда кабыл алынган. Ал КРнын дипломатиялык кызматынын укуктук негизин белгилейт, анын милдеттерин, иш-милдеттерин аныктайт, ошондой эле КРнын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин жана КРнын дипломатиялык кызмат органдарынын мамлекеттик кызматчыларынын эмгектик жана башка мамилелерин жөнгө салат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кабыл алынган мыйзамга ылайык, 2002-жылдын 25-июлундагы №131 “КРнын дипломатиялык кызматы жөнүндө” мыйзамы күчүн жоготту деп табылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан