Ысык-Көл. “Сергек жашоо образы үчүн” акциясы өткөрүлөт
2-3-ноябрда Каракол шаарында КРнын Дзюдо боюнча спорт чебери Искен Шатеновдун жаркын элесине арналган “Сергек
жашоо образы үчүн” деген ураан менен спорттук мелдеш өткөрүлөт. Анда республиканын
булуӊ-бурчунан келген жаш улан-кыздар ат салышышат. Бул тууралуу КРнын Дзюдо боюнча Эмгек
сиңирген
машыктыруучусу Савур Аматов билдирди. Анын
айтымында, таймаш Ысык-Көлдө үчүнчү жолу өткөрүлүүдө.