Жылдын жаңырышына саналуу гана күндөр калды. Көчөлөр, кеңселер, үйлөр ар түрдүү жарыктар менен кооздолуп, айлана-чөйрөнү жаңы жылдык маанай каптап калды. Салтка айлангандай, Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтына жана бардык дубандардын борборлоруна жаңы жылдык балатыларды орнотуп, чырактарын жандыруу иштери аягына чыгып калды. Өлкөбүздүн шаарларын Жаңы жылга карата жасалгалоого канча каражат кеткендигин аныктап көрөлү.
Бишкек шаары
Бишкек шаарын Жаңы жылга карата жасалгалоого бул жылы 6 миллион 500 миң сом сарпталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу бир топ арзан. Өткөн жылы шаар жасалгасына 17 миллион сом бөлүнгөн.
Борбор калаадагы балатынын узундугу 25 метр, диаметри 12 метрди түзүп, чырактары 10-декабрда концерттик программанын коштоосунда жандырылган.
Ош шаары
Бийиктиги боюнча 2-орунда турган балаты Ош шаарында орнотулду. Бийиктиги 27 метрге жеткен балтыны орнотууга жана шаарды жасалгалоого 1 миллион 525 миң сом каражат сарпталган.
Жалал-Абад шаары
Бул жылы Жалал-Абад шаарына өлкө боюнча эң бийик болгон 28 метрлик балаты орнотулду. Балатыны орнотууга 1 миллион 370 миң сом кетсе, жалпы шаарды көрктөндүрүүгө 2 миллион 300 миң сом сарпталган.
Нарын шаары
Нарындын борборунда бийиктиги 15 метрге жеткен балаты орнотулуп, шаарды жасалгалоо иштерине 219 миң сом сарпталды. Бул сумма өткөн жылкыга караганда 19 миң сомго көп.
Каракол шаары
Ысык-Көл облусунун административдик борбору Каракол шаарына 21 метрлик балаты орнотулду. Көрктөндүрүү иштерине 200 миң сом каражат кеткен.
Талас шаары
Талас шаарындагы борбордук балатынын бийиктиги 14 жарым метр, диаметри 6 метрди түздү. Шаарды кооздоого 137 миң сом сарпталган.
Баткен шаары
Өлкөдөгү эң арзан балаты Баткен шаарына орнотулду. Бийиктиги 14 жарым метрге жеткен балатыга 66 миң сом акча жумшалган. Жалпы шаарды жасалгалоо иштерине 88 миң сом керектелген.