Эртең Бириккен Араб Эмираттарында Азия Кубогунун жарым чейрек финалынын алкагында БАЭ-Кыргыз беттеши орун алат. Бүгүн, 20-январда Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин маалымат-жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Анда Александр Крестинин төмөнкүлөрдү айтты:
- Кыргыз жана БАЭ курама командаларын плей-офф баскычына чыгышы менен куттуктайм. Эми катага чейинки кызыктуу жана жоопкерчиликтүү беттештер башталды. Дагы бир жолу кайталап кетейин, биз бул жерде ушундай жогорку оюндарды өткөрүү үчүн жүрөбүз. Эртең бизди кызыктуу оюн күтүп жатат, атаандашыбызды таң калтырабыз.
БАЭнин машыктыруучусу Кыргыз курамасынын оюн стили орусиялыктарга окшош деп айтты. Бул тууралуу эмне деп айта аласыз?
- Орус стили кандай экени өзүм үчүн кызыктуу болуп жатат. Мындайды биринчи жолу угуп жатам. Мен өзүмдү кандай бир стилге кошпойм. Биз коргонууда жана чабуулда жакшы ойноп, ийгиликтерге жетүүгө аракеттенебиз.
Мелдештин ээлери менен ойноо биз үчүн оор болобу?
- Бул боюнча алгач статистикага көңүл буруп койсок болот. Көп жылдардан бери Австралиядан башка талаа ээлери мелдештерде жеңишке жетип көрө элек. Алар өз талаасында Азия Кубогун жеңип алышкан. Албетте, алардын жеңип алуусуна күйөрмандарынын жана стадионунун жардамы чоң. Ошол эле учурда биз үчүн дагы Кыргыз күйөрмандардын колдоосу абдан керек.
Кыргыз курама командасы бул мелдеште плей-офф баскычына чыгып, алдын ала коюлган маселени аткарды. Бул кыргыз футболчулары үчүн артыкчылык болобу же чейрек финалга чыгыш керек деген басым болобу?
- Биз алдын ала коюлган маселенин бир бөлүгүн гана аткардык. Тайпалык баскычтан чыгыш биз үчүн биринчи маселе болчу, эми кийинки маселе бул чейрек финалга чыгыш керек. Биз чейрек финалга чыгыш үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Мелдештин алдында футболчулар машыгуу жыйындарды өткөрүп даярданган. Азыр алар эң жакшы абалында деп айтса болот. Биз муну колдонушубуз керек. Чейрек финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн коё бербешибиз зарыл. Бардыгы болушу мүмкүн.
Филиппин курамасын жеңгенден кийин Бишкекте күйөрмандар жеңишти майрамдаган. Буга кыргыз футболчулардын реакциясы кандай болду?
- Биз, албетте, өлкөбүздө эмне болуп жатканын билебиз. Бул биздин биримдик бар экенин далилдейт. Кыргыз элине жакшы маанай алып келгенибиз менен кубанып жатабыз жана эртеңки беттештин алдында кыргыз элинин колдоосу бизге күч-кубат берип жатат.