Азия Кубогу: БАЭ менен беттеште Кыргыз улуттук курама командасы кызыл түстөгү футболка менен ойнойт

Тектеш кабарлар: Футбол боюнча Азия Кубогу-2019 (200 материал)

Эртең, 21-январда Бириккен Араб Эмираттарында Азия Кубогунун жарым чейрек финалдык баскычынын алкагында Кыргыз курама командасы БАЭ курама командасы менен беттешет.

Бул беттеште Кыргыз улуттук курама командасы оюнга кызыл түстөгү футболка менен чыгат.

Бүгүн, 20-январда Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу маалымат жыйынга катышып, "Эртең кызыктуу беттеш болот жана биз атаандашыбызды таң калтырабыз", - деп айткан.

БАЭ-Кыргыз беттеши 21-январда орун алып, Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.

Белгилүү болгондой, Кыргыз курама командасы Азия Кубогунун алкагында 3 беттеш өткөргөн, анда 2 жолу оюнга кызыл түстөгү футболка менен чыкса, 1 жолу ак түстөгү футболка менен чыккан.

Кыргыз футболчулары тайпалык баскычта Кытай курама командасына 1:2 эсебинде жана Түштүк Кореяга 0:1 эсебинде жеңилип калган. 3-турда Кыргыз курамасы Филиппин курама командасына каршы чыгып, 3:1 эсебинде утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aliya-leyla
2019-01-20 18:40:29
Саат канчада ойнойт
0
TalaCSKA
2019-01-20 18:52:38
aliya-leyla,23-00 Бишкек убактысы
+1
Modric10
2019-01-20 19:48:02
Кызыл футболка жолдуу болуп атат. Туура кылдынар эми жакшы даярдангыла
+2
zevs
2019-01-20 20:54:04
Modric10,polyaga chykkanda kara mywyk otup ketpesin abaylagyla.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан