Футболчу Турсунали Рустамов: "Бардык командалар бир ката кетирип, бул мелдештен четтеп калышы мүмкүн"

Тектеш кабарлар: Футбол боюнча Азия Кубогу-2019 (200 материал)

Бүгүн, 20-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы БАЭ курамына каршы беттештин алдында машыгууларды өткөрдү. Машыгуулардан кийин биз Турсунали Рустамов менен сүйлөшүүгө үлгүрдүк.

Даярдыктар тууралуу айтып кетсең?

- Даярдыктар жакшы. Эртең жеңишке жеткенге аракет кылабыз. Эртеңки беттеш маанилүү болот. Бардык командалар бир ката кетирип бул мелдештен четтеп калышы мүмкүн. Машыгуулар жакшы, кудайга шүгүр, мыкты болуп жатат.

Кийинки беттеште оюнга чыгууга мүмкүнчүлүктөрүң барбы?

- Албетте бар, мен чыгып калышым мүмкүн. Эми бул чечим машыктыруучунун чечимине көз каранды.

БАЭ-Кыргыз беттеши эртең, 21-январда Абу-Даби шаарындагы "Зайед спорт сити" стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dastan_nookat
2019-01-21 01:51:59
Ийгилик!!!
+3
bek-94
2019-01-21 11:29:18
Ийгилик Ак шумкарлар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан