Бүгүн, 29-январда Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогунун жарым финалынын 2-беттеши өттү. Анда финалга чыгуу жолдомосу үчүн БАЭ менен Катар курама командалары беттешти.
Оюн Абу-Даби шаарындагы "Мохаммед бин Зайед" стадионунда өтүп, Катар курамасынын 4:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Эсеп санын 22-мүнөттө Буалем Хухи Акрам Афифдин чыгарып берүүсүнөн кийин ачты. 37-мүнөттө Афиф кайрадан ийгиликтүү чыгарып берүү аткарып, Али Алмоез эсепти 2:0 кылганга жетишти. Оюндун 80-мүнөтүндө Афиф 3-жолу топту өнөктөшүнө мыкты чыгарып берип, бул ирет Хасан Аль Хайдос эсепти 3:0гө айлантты. Оюндун 92-мүнөтүндө Афифдин ордуна Хамид Исмаил оюнга кошулуп, 94-мүнөттө айырмаланганга жетишти.
Муну менен Катар курама командасы 4:0 эсебинде жеңишке жетип Азия Кубогунун финалына чыкты. Эми Катар курама командасы финалда Япония курама командасы менен беттешет. Мелдештин финалы 1-февралда орун алат.
Кечээ, 28-январда Азия Кубогунун биринчи жарым финалдык беттеши орун алып, анда Япония курама командасы 3:0 эсеби менен Иранды утуп алды.
Азия Кубогу Бириккен Араб Эмираттарында 5-январда башталып, 1-февралга чейин уланат. Мелдешке Кыргыз өлкөсү алгачкы жолу катышып, тайпалык баскычта Кытай, Түштүк Кореяжана Филиппинге каршы ойноп, 3 упай топтоо менен жарым чейрек финалга чыга алды. 1/8 финалда "Ак шумкарлар" талаа ээлери болгон БАЭ курамасынан 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калышкан.