Футболчу Бахтияр Дүйшөбеков: "Менин карьерам бул мелдеш менен жыйынтыкталбайт"

Тектеш кабарлар: Футбол боюнча Азия Кубогу-2019 (200 материал)

Бүгүн, 21-январда Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия Кубогунун плей-офф баскычы уланат. Анда Абу-Даби шаарында Кыргыз улуттук курама командасы БАЭ курамасы менен беттешет.

Бул беттештин алдында биз футболчу Бахтияр Дүйшөбеков менен кыска маек курганга жетиштик.

- Плей-офф беттешинин алдындагы сезимдериң кандай?

- Баары жогорку деңгээлде өтүп жатат. Бардыгы жакшы.

- Эмне үчүн бул мелдеште аз ойноп жатасың?

- Бул суроого башкы машыктыруучу гана жооп бере алат.

- Азия Кубогунда ойногонго жетиштиң, кандай сезимдер болду?

- Мен аз убакыт эле ойнодум. 15-20 мүнөткө чыгып өзүмдү жакшы көрсөтө алган жокмун. Көбүрөөк убакыт болсо өзүмдү жакшы көрсөтмөкмүн деп ойлойм.

- Сени негизги курамдан көрүп көнүп калганбыз. Аз ойногонуң сага түрткү береби?

- Ооба, албетте, бул мага түрткү берет. Менин карьерам бул мелдеш менен жыйынтыкталбайт. Ар дайым жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүүгө даярмын. Мен өзүмө ишенем. Буга чейинки оюндарда күйөрмандарга жана адистерге өзүмдү мыкты көрсөттүм деп ойлойм.

- Кийинки беттеште жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүктөр барбы?

- Мүмкүнчүлүктөр дайыма бар. Биз атаандашыбыздын деңгээлин ойлобой, өзүбүздүн оюнубузду көрсөтүшүбүз керек. Ошондо жеңиш биз тарапта болот деп ойлойм. Атаандаштан коркпош керек. Биздин курам Кытай жана Түштүк Кореяга каршы беттеште өзүн мыкты көрсөттү деп эсептейм.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kechirmeni
2019-01-21 15:46:24
"Аз ойноп калганың сага түрткү береби?" ушул эмне деген суроо болду эми?
+4
bond02
2019-01-21 16:12:27
Муну бироо карьеранды жыйынтыкта дегендей суйлойт го.
+2
PROS
2019-01-21 16:52:07
Ушу кыргыздар убакытка шылтап эле жүрө беребиз да(((( ажолорубуз баш болуп… жыйынтык көрсөтө турган адам аз гана убакытта көрсөтөт жыйынтыкты!!! Колунан келбегендер ошентип убакытка шылтап жүрө беришет!!!!
-3
Samat777
2019-01-21 19:46:36
PROS,спортто баары
болот. Мумкун бүгүнкү
оюн анын жылдызын жандырат
чыгаар. Ийгилик ак
шумкарлар
+1
monster_high_98
2019-01-21 17:14:44
Келечеги бар футболчу
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан