Бүгүн, 24-январда футбол боюнча Кыргыз курама командасы Азия Кубогунан кайтып келди. Футболчуларды 1000ге жакын күйөрман "Манас" аэропортунан тосуп алышты.
Улуттук кураманы колдогон жазууларды көтөргөн күйөрмандардын арасында кытайлык калыс Фу Мингге нааразычылыгын билдиргендер да болду. Күйөрмандардын бири калыстын сүрөтү менен кошо "Фу Минг жазалансын" деген жазууну көтөрүп келген. Анын айтымында, кытайлык калыс атайлап Кыргыз курамасына бут тоскон.
"Кытайлык калыс Фу Мингдин айынан биз чейрек финалга чыкпай калдык. Ал болбогондо бүгүнкү майрамдык маанайыбыз мындан эки эсе жакшы болмок. Атайылап биздин командага бут тосуп, талаа ээлерин кийинки баскычка сүйрөп чыкты. Балким, кытайлык калыс арабдардын акчасын алып алгандыр", - деди күйөрман.
Фу Минг калыстык кылган Бириккен Араб Эмираттары менен Кыргыз өлкөсүнүн беттешинде 3:2 эсеби менен талаа ээлери жеңишке жеткен. Беттештен кийин көпчүлүк күйөрмандар жана футбол серепчилери калыстын ишине терс баа беришкен.
ФИФАнын эл аралык калысы Бахадыр Кочкаровдун пикиринде БАЭнин биринчи голу офсайд абалында кирген. Ошондой эле Кыргыз курамасынын дарбазасына коюлган 11 метрлик айып сокку туура эмес коюлган.