Бүгүн, 24-январда таңкы саат 4:30да Азия Кубогуна катышкан футбол боюнча улуттук курама команда өлкөгө кайтып келди. Дубай-Бишкек каттамындагы учак менен Кыргыз курамасынын 20 оюнчусу, машыктыруучулар штабы жанан Футбол федерациясынын өкүлдөрү келишти. Футбол федерациясынын маалыматына ылайык, Бахтияр Дүйшөбеков, Даниэл Тэго жана капитан Валерий Кичин өз клубдарынын катарына кошулушкан.
"Ак шумкарларды" эл аралык "Манас" аэропортунан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баш болгон бир нече аткаминерлер жана 1000ге жакын күйөрман тосуп алышты. Улуттук кураманы колдогон жазууларды көтөрүп алган күйөрмандар футболчулар менен сүрөткө түшүп, алар аэропорттон узап кеткенче кыйкырып, сүрөп турушту.
Улуттук курама команда алгачкы жолу катышкан Азия Кубогу 5-январда башталып, 1-февралга чейин уланат. Кыргыз өлкөсү тайпалык баскычта Кытай, Түштүк Корея жана Филиппинге каршы ойноп, 3 упай топтоо менен жарым чейрек финалга чыга алды. 1/8 финалда "ак шумкарлар" талаа ээлери болгон БАЭ курамасынан 3:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калышты.