Бүгүн, 24-январда Кыргыз өлкөсүнө кайтып келген футболчулар мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдады.
Ага ылайык, "Данакер" ордени менен улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин сыйланды. Ал эми "Даңк" медалын Футбол федерациясынын мурдагы башчысы Семетей Султанов, футболчулар Азамат Байматов, Валерий Кичин, Виталий Люкс, Валерий Кашуба, Мирлан Мурзаев тагынышты. Мындан тышкары III даражадагы "Манас" ордени менен "Дордой" спорт клубунун президенти Аскар Салымбеков сыйланды. Калган оюнчуларга Ардак грамота жана кол сааттар тапшырылды.
Машыктыруучунун жардамчысы Игорь Кудренкого "Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмер" наамы ыйгарылса, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери" наамын Нурбек Исмаилов алды.
Жалпысынан мамлекеттик сыйлыкты 18 кызматкер алса, кол сааттар 25 оюнчуга тапшырылды.
Улуттук курама команда алгачкы жолу катышкан Азия Кубогу 5-январда башталып, 1-февралга чейин уланат. Кыргыз өлкөсү тайпалык баскычта Кытай, Түштүк Корея жана Филиппинге каршы ойноп, 3 упай топтоо менен жарым чейрек финалга чыга алды. 1/8 финалда "Ак шумкарлар" талаа ээлери болгон БАЭ курамасынан 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтетилип калышты.