Бүгүн, 20-январда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун алкагындагы БАЭ менен беттештин алдына машыгууларды өткөрдү.
Машыгууларга Кыргыз курамы толугу менен катышты. ЖМК өкүлдөрүнө машыгуунун алгачкы 15 мүнөтү гана ачык болду. Жалпы машыгуулар 1 саат өтөт.
БАЭ-Кыргыз беттеши эртең, 21-январда Абу-Даби шаарындагы "Зайед спорт сити" стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.
Ошондой эле бүгүн Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин маалымат жыйынга катышкан. Анда ал "эртең кызыктуу беттеш болот жана биз атаандашыбызды таң калтырабыз", - деп айткан.