"Dota 2" боюнча мелдеш: Кибер лиганын жеңүүчүлөрү Beeline`дан жарым миллион сом сыйлык алышты

Кыргыз мамлекетиндеги киберспорт боюнча ири мелдеш өткөн аптада Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында болуп өттү. 20 катышуучудан турган 4 команда дүйнөдөгү популярдуу болгон "Dota 2" боюнча мелдештин финалында мыкты аталууга күч сынашты. Жыйынтыгында эл аралык мелдештерге бир нече ирет өлкө атынан катышкан команда жеңүүчү болду.

Мелдешти жеңип алган "No Lifer" командасы 5 адамдан куралган. Алар: Дуулат Субанкулов, Бектур Кулов, Медер Дүйшекеев, Кыялбек Тайиров, Евгений Ри. Бул команда Корея, Кытай жана Орусияда өткөн эл аралык мелдештерде Кыргыз мамлекетинин атынан катышып келишкен. Баш байге катары команда 500 000 сом сыйлык алды.

"With Love from Osh" командасы экинчи орунду ээлеп, 250 000 сом сыйлыкка татыды. Үчүнчү орунду алган "MyStic Staff" командасы 150 000 сом утса, төртүнчү орунду алган "Tactical+4" командасы 100 000 сом сыйлык алды.

Кибер лиганын финалы кыргыз коомчулугундагы оюнчулар үчүн көптөн бери күтүп келген окуя болду. Иш-чарада мелдештин офлайн-финалы гана эмес, Beeline менен техникалык өнөктөш болгон Republic of Gamers (TM Asus) тарабынан даярдалган мыкты костюмдар сынагы, лазердик шоу, суроо-жооптор орун алды. Көрүүчүлөр үчүн оюн ойноочу жабдуулар коюлуп, көңүл ачуучу жай уюштурулду. Финалга келе албай калгандар үчүн компаниянын YouTube каналында түз эфирде мелдештин жүрүшү көрсөтүлүп жатты.

“Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулду. Кыргыз өлкөсү үчүн мелдеш жаңы дем болду. Тилекке каршы, онлайн оюндар жаштар үчүн маданияттын негизи, жашоодо өз ордун жана каражат табуу жолу экенин баары эле түшүнө беришпейт. Коомчулуктун басымдуу бөлүгү өткөн оюнду кескин сынга алып, вандализм деп дагы чыгышты. Бул маданиятты түшүнгүлөрү келген жок. Жашоо өзгөрүп жатат. Азыркы замандагы искусствонун түрлөрү да классикага айланганга чейин коомчулук тарабынан кабыл алынган эмес”, - дейт “No Lifer” командасынын оюнчусу Дуулат Субанкулов.

“Ар бир жаңы муундун өз айырмачылыгы болот. Көбүнчө улуу муундагылар жаңы нерсени кабыл алгысы келбейт. Мындан улам Кыргыз жеринде киберспорт өнүкпөй келет. Мисалы, футболчулар Азия Кубогунда өлкөнүн намысын коргошту. Аларды коомчулук, мамлекет колдоду. Биздин команда дагы Азия боюнча эң күчтүү команда катары саналат. Биз өзүбүздүн атыбыздан эмес, өлкөнүн атынан катышабыз. Бирок мекендештерибиз тараптан бизге колдоо болбойт. Мындан улам бизден 3 оюнчу Орусиянын командасы үчүн катышып жатат”, - деди “No Lifer” командасынын оюнчусу Медер Дүйшекеев.

Beeline компаниясынын өкүлү киберспорт дүйнө жүзү боюнча жаштар маданиятынын ажырагыс бир бөлүгү болуп калганын белгиледи.

“Бул багыт мамлекет тарабынан да колдоого алынууда. Өнүккөн 40 мамлекет аны спорттун түрү катары каттоого алып, мелдештер Бостондогу Wang театры, Чикагодогу Madison Square Garden театры өңдүү маданий жайларда уюштурулуп келет. Азыркы тапта Олимпиадалык комитет аны олимпиадалык спорттун түрүнө киргизүүнү карап жатат”, - деди Beeline компаниясынын бренд-менеджери Бактыбек Айтбаев.

Мелдеш Опера жана балет театрында өткөндүгү тууралуу Бакыт Айтбаев төмөнкүлөрдү билдирди.

«Спорттук иш-чаранын академиялык театрда өткөндүгүнө тынчсыздануусун айткан театр жана маданият ишмерлерин түшүнөбүз. Ошону менен бирге Beeline имаратты жана театрдын эмеректерин максаттуу пайдаланууга аракет кылып, зыян тийгизбөө үчүн кошумча техникалык жабдууларды пайдаланганын айткыбыз келет. Сахна атайын катмар менен жабылды, аппараттар театрдын техникалык адистеринин көзөмөлүндө болду. Финалдын көрүүчүлөрүн жайгаштыруу да эске алынды. Алар 8-9 саатка созулган оюнду көрүп отурушканда ыңгайлуулук дагы маанилүү эле. Оюндун катышуучуларынын көрүүчүлөргө так көрүнүп турушу, баяндамачылардын сөзүн угуу үчүн акустика, оюн талаасындагы көрүнүшкө көз салып туруу үчүн чоң экранды орнотуу, оюндардын ортосунда каармандардын костюмдарын көрсөтүү, лазердик шоу, сынактарды уюштурууга керек эле. Ушундай өңүттөгү иш-чарага жасалгасы жана аянты ылайык келгендиктен мелдеш өткөрүү чечими чыкканын белгилеп кетким келет.

Спорттун бул багытын жайылтуу, жаш оюнчулардын өсүшүнө багытталган демилгени колдоп берген театр жетекчилигине ыраазычылык айтабыз. Оюнчулар мелдештерге катышуу менен киберспортту мыкты билген оюнчу болуп, эл аралык мелдештерге өлкөнүн атынан чыгышат эмеспи. Маштар үчүн маанилүү жана кызыктуу иш-чараны өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берген Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын башкы директору, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери Болотбек Осмоновго дагы ыраазычылык айткыбыз келет. Мындан ары дагы тыгыз иштешебиз деп үмүт кылабыз”.

Beeline кибер лигасынын атынан эл аралык таймаштарга катыша турган оюнчуларды тандоо жана аларга оюнчулар коомчулугу үчүн аянтча түзүү компаниянын пландарында бар.

Beeline кибер лигасы – Кыргыз жериндеги оюн спортунун түрүн өнүктүрүү, оюнчуларды колдоого багытталган демилге. Оюндарга катышуу менен алар өзүн дасыккан киберспортчу катары өстүрө алышат. Эл аралык аренада оюнчуларды спортчу катары таанышат, ал эми киберспорттун артында чоң келечек турат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tular
2019-01-26 11:44:04
Маданий иш чара откорсо эмне болот экен? Коомчулукту дурболонго салган ушакчылардыкы жаман отту...
Булар арак ичкен жокда, канчалаган жаштарга мумкунчулук тузуп берип жатышат.
-4
Lukman-Hakim
2019-01-26 12:19:12
tular, Дота менен жаштарга кандай тарбия бере алат? Балдардын, сабакты таштап
Кечке компьютерный клубтан башы чыкпай калгандан башка пайдасы жок!
+4
talas0707
2019-01-26 12:48:11
Футболдо чуркап ден соолукка да пайдасы бар. Дотанын кандай пайдасы бар? Эч кандай! Кечкери компьютерди тиктеп козго, омурткаларга ж.б. бут денеге зыян.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан