Кечээ, 25-январь күнү Азия Кубогунун чейрек финалында Бириккен Араб Эмираттарынын курамы Австралиянын курама командасын 1:0 эсебинде жеңип алды. Голду оюндун 68-мүнөтүндө Али Мабхут киргизди.
Эми жарым финалда БАЭнин атаандашы Катар болот. Ал өз учурунда Түштүк Кореяны 1:0 эсебинде утуп алган.
Буга чейин 22-январга караган түнү БАЭ курамы Кыргыз улуттук курама командасын 2:3 эсебинде жеңип, бул жагдайдан улам Кыргыз курама командасы мелдештен четтеп калган.