Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Ахлидин Исраилов Өзбекстандын футболдук клубу менен келишим түздү. Кыргыз футболчусу Өзбекстандын Суперлигасында күч сынашып келген "Андижан" футболдук клубунун катарына кошулду.
Белгилүү болгондой, Ахлидин Исраилов Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогунда Кытай курамасына каршы беттеште гол киргизген. Бул гол Кыргыз улуттук курама командасы үчүн Азия Кубогунун алкагында биринчи гол болгон.
Буга чейин Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчулары Тамирлан Козубаев менен Азиз Сыдыков чет элдик футболдук клубдар менен келишим түзүшкөн. Козубаев малайзиялык ПКНС клубуна өтсө, Сыдыков ирандык "Санат Нафт Абадан" клубуна өткөн.