Бүгүн, 28-январда Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия Кубогунун жарым финалдык беттеши орун алды. Финалга чыгуу жолдомосу үчүн Иран менен Япония курама командалары беттешти.
Япониянын футболчулары ирандыктарды 3:0 эсебинде утуп, финалга чыкты. Эртең, 29-январда Абу-Даби шаарында БАЭ менен Катар курама командаларынын беттеши өтөт.
Азия Кубогу Бириккен Араб Эмираттарында 5-январда башталып, 1-февралга чейин уланат. Мелдешке Кыргыз өлкөсү алгачкы жолу катышып, тайпалык баскычта Кытай, Түштүк Корея жана Филиппинге каршы ойноп, 3 упай топтоо менен жарым чейрек финалга чыга алды. 1/8 финалда "Ак шумкарлар" талаа ээлери болгон БАЭ курамасынан 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калышкан.