Азия Кубогу: Жарым чейрек финалдын мыкты голу аныкталып, Мирлан Мурзаев 2-орунду ээлеп калды

Тектеш кабарлар: Футбол боюнча Азия Кубогу-2019 (200 материал)
Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогунун жарым чейрек финалындагы мыкты гол аныкталды.
Жарым чейрек финалдын мыкты голун аныктоо үчүн Азия футбол конфедерациясы сурамжылоо жүргүзгөн. Сурамжылоого 6 футболчунун киргизген голдору кошулуп, алардын арасында Кыргыз улуттук курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаевдин да голу бар болчу.
Сырамжылоодо жалпы 296 миң 159 добуш берилип, жыйынтыгында 1-орунду вьетнамдык Нгуен Конг Фуонг ээлеген. Ал Иордания курамасынын дарбазасына гол киргизип, сурамжылоодо 217 миң 698 же 74 пайыз добушка ээ болгон.
Кыргыз улуттук курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаевдин БАЭ курамасына киргизген голу 59 миң 519 же 20 пайыз добушка ээ болуп, сурамжылоодо 2-орунду ээледи.
3-орунда Иордания курамасынын оюнчусу Баха Абделрахмандын голу жайгашкан. Ал 13 миң 29 же 4 пайыз добушка ээ болгон.
4-орунда 2479 добушка ээ болгон түштүк кореялык Ким Чин Су, 5-орунда 1902 добушту алган катардык Бассам Аль Равинин голу, 6-орунда 1532 упай алган БАЭ курамасынын оюнчусу Али Мабхут жайгашкан.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
monok2001
2019-01-29 11:20:50
Ушуга да шугур
+8
Tekecher
2019-01-29 11:31:28
Фуонгтун голу эмнеси менен мыкты экен?
Мирландыкы мыктыыыыы!!!
+5
Modric10
2019-01-29 16:54:35
2-орун деле эн жакшы.Аты чыкты мирландын.мыкты жигит экенсин Миша.биз сени урматтайбыз
+1
algakaray
2019-01-30 01:55:18
Ушуга да шугур деш кк. Даже суйунуш кк футбол биздики эми кетет кудайым буйурса агыткан аттай болуп. Дуйного чыгалы буйурса. Чон стимул болду алакандай кыргызыма. стадион тез курулса экен эми.
0
Neizvestno777
2019-01-30 05:37:36
Ветнам калкы 96 миллион, Кыргызстан 6 миллион , эсли калктын саны бирдей болгондо керек болсо 6 миллион добуш алмак Мирлан Мурзаев
0
cholpon119966
2019-01-30 07:35:05
Молодец Мирланьо , биз да чын дилден добуш бердик, биз учун сен мыктысын. Кыргызстанды женишке талпынткан дагы далай кооз голдорду жарат, ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан