Бириккен Араб Эмираттарынын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия кубогунун жарым финалында Катар курамасы менен болгон беттештин жыйынтыгына нааразы. Мындан улам БАЭнин курамасы Азия футбол конфедерациясына оюндун жыйынтыгына макул эместигин билдирип кайрылганын жергиликтүү маалымат булактары жазды.
Эки команданын беттеши 29-январда Абу-Даби шаарында өтүп, Катар улуттук курамасы БАЭни ири эсепте - 0:4кө утуп алган. Андан кийин БАЭнин футбол ассоциациясы Катар улуттук курама командасындагы 2 оюнчунун мыйзамдуулугун кароо боюнча кайрылган. БАЭнин футбол ассоциациясы Катар курамасынын 22 жаштагы чабуулчусу Альмоез Али менен 21 жаштагы коргоочу Бассам Аль Равинин Катардын курамасында ойноого укугу жок эсептейт. Буга БАЭ Альмоез Али Суданда, Бассам Аль Рави Багдадда төрөлүп, 18 жашынан кийин Катарда 5 жыл үзгүлтүксүз жашаган эмес деген жүйөөнү айтышкан.
ФИФАнын жобосуна ылайык, оюнчулар кайсы бир өлкөнүн курама командасында ойноо үчүн 18 жаштан кийин ошол өлкөнүн аймагында 5 жыл жашашы керек. Азия футбол конфедерациясы бул эреженин негизинде жазылган арызды карап чыга турган болгон.