Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушун президент Алмазбек Атамбаев баштап берди

  27-октябрь күнү президент Алмазбек Атамбаев Нарын облусуна болгон иш сапарында Нарын облусундагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушуна капсула коюп, курулушту баштап берди. Жыйында Алмазбек Атамбаев: "Бүгүн Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу долбоорун баштап жатабыз. Бул окуя Кыргызстандын экономикасы жана жалпы элибиздин келечеги үчүн зор мааниге ээ экендиги шексиз. Азыркы заманда кайсы мамлекет болбосун, энергетикалык көз карандысыздыгы анын тагдырын чечүүчү шартка айланды. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 21 жыл болгону менен, энергетика тармагында чыныгы көз карандысыздыкка эми гана жол ачып жатабыз. Бүгүн орусиялык өнөктөштөрүбүз менен бирдикте Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу долбоорун баштадык. Келечекте ушул каскад республикабыздын өркүндөп-өсүшүнө жакшы кызмат өтөсүн деп тилек кылалы",- деди.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан