Футбол боюнча Азия Кубогунда Кыргыз курамасын жеңип алган Кытай курамасынын башкы машыктыруучусу кызматтан кетти

Тектеш кабарлар: Футбол боюнча Азия Кубогу-2019 (200 материал)

Кытай курама командасынын башкы машыктыруучусу Марчелло Липпи кызмат ордунан кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Марчелло Липпи баштаган команда Азия Кубогунун чейрек финалында Иран курама командасынан 0:3 эсебинде жеңилип калгандан кийин кызмат ордун бошотту. Липпи бул тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты:

"Бул беттештен кийин Кытай курамасы менен келишим аягына чыкмак. Мен үчүн Кытай өлкөсүнө машыктыруучу болгонум сыймык. Команданы өнүктүрүүгө болгон күч-аракетимди жумшадым. Мага колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирем", - деп айткан ал.

Белгилүү болгондой, футбол боюнча Азия Кубогу Бириккен Араб Эмираттарында 5-январда башталган. Тайпалык баскычта Кытай курамасы Кыргыз улуттук курама командасы менен беттешкен. Оюн 2:1 эсебинде Кытай курамасынын жеңиши менен аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
expert.007
2019-01-29 22:44:09
Крестининди кетирбей тургула. Айлыгын көтөрүп бергиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан