Азия футбол конфедерациясы Азия Кубогундагы жарым чейрек финалдын эң мыкты голун аныктоо үчүн добуш берүүнү баштады. Бул тууралуу конфедерациянын расмий сайты жазып чыкты.
Мыкты гол киргизген оюнчулардын арасында Кыргыз курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев да бар. Анын Кыргыз улуттук курама командасы менен БАЭнин беттешинде атаандашынын дарбазасына киргизген голу Азия Кубогунун 1/8 оюндарындагы эң мыкты голдордун бири аталган.
Учурда добуш берүү турнирдин расмий сайтында жүрүп жатат. Бул шилтеме аркылуу кирип, чабуулчубуз Мирлан Мурзаевге добушуңузду берсеңиз болот.
Эске салсак, аталган добуш берүүгө биздин чабуулчубуздан сырткары 5 футболчу катышууда.
22-январга караган түнү Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия Кубогунун жарым чейрек беттештери уланган. Анда Абу-Даби шаарында Кыргыз улуттук курама командасы БАЭ курамы менен кездешкен. Беттештин жүрүшүндө Мирлан Мурзаев оюндун 26-мүнөтүндө гол киргизген болчу.