Дзюдочу Фарух Булеркулов Францияда өтүүчү эл аралык мелдешке катышат

Кыргыз дзюдочусу Фарух Булеркулов Францияда өтө турган дзюдо боюнча эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынан билдирди.

Аталган мелдеш 9-10-февраль аралыгында Франциянын Париж шаарында өтөт. Анда бул мелдешке 98 өлкөдөн барган 612 спортчу катышып, 14 медалдар топтому үчүн күч сынашат. Алардын арасынан Кыргыз өлкөсүнүн катыша турган дзюдочу Фарух Булеркулов дагы бар.

Фарух Булеркулов 90 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат. Бул салмак категорияда жалпы 57 балбан бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kunbeken
2019-02-05 12:09:08
ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан