"Буюрса, октагондо Кыргыз өлкөсү менен Азербайжандын желегин көтөрөм". Мындай пикирин жакында эле UFC уюму менен келишим түзгөн кыргыз мушкери Рафаэль Физиев социалдык тармактардын бириндеги баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, UFC уюму менен келишим түзүү анын кыялы болгон.
"Бир нече күн өтсө да UFC уюму менен келишим түзгөнүм тууралуу жаңылыкка ишене албай жатам. Ал менин кыялым болчу. Бул максатты ишке ашыруу үчүн көптөгөн кыйынчылыктардан өттүм. Алдыда мындан дагы оор сыноолор күтүп жатат. Мунун баары менин үй-бүлөмдүн, жакындарымдын, досторумдун, менеджерлеримдин, машыктыруучуларымдын жана спарринг-өнөктөштөрүмдүн колдоосу менен ишке ашууда. Буюрса, октагонго 2 желекти көтөрүп чыгам. Биринчиси, мекеним Кыргыз өлкөсүнүн желеги болсо, экинчиси, мен азербайжан улутунан экенимди түшүндүргөн символу Азербайжандын желеги болот", - деп жазган Физиев.
"Атаман" деген каймана атка конгон Рафаэль Физиев - тай боксунун IFMA түрү боюнча Азия жана Кыргыз өлкөсүнүн бир нече жолку чемпиону, аскер урушу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн чемпиону. Ошондой эле 2009-жылы Таиландда өткөн тай боксу боюнча Дүйнө биринчилигинин күмүш медалынын ээси. 2010-жылы Орусияда өткөн континенттер аралык чемпиондуктун жеңүүчүсү. "Shepdogg" сайтынын версиясы боюнча, профессионалдык рингде 6 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жеткен.
Ал UFC'деги алгачкы беттешин UFC ESPN+7 мелдешинде өткөрөт. Мелдеш 20-апрель күнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтөт.