Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери 54 миллион 354,2 миң сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлгөн.
"Бул белгиленген план 102,2 пайызга аткарылгандыгын түшүндүрөт",- деп билдирди Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Тайырбек Чойбеков 24-июлдагы коллегиялык жыйын учурунда. Айтымында, быйыл шаарга караштуу эгин талааларына 120 гектар кылкандуу дан эгиндери, 50 гектар жашылча-жемиш, 40 гектар картошка, 300 гектар май өсүмдүктөрү, 9 гектар күрүч эгилген.
"Быйыл 7 593 гектар аянтка көп жылдык чөптөр эгилип, учурда анын 3 562 гектары же 46,9 пайызы жыйналды",- деди вице-мэр.