Менчиктештирилип кеткен билим берүү мекемелери мамлекетке кайтарылат
Үстүбүздөгү жылдын 21-июнунда Башкы прокуратура тарабынан жумушчу топ түзүлүп, 1995-2012-жылдар аралыгында менчиктештирилип кеткен имараттарды текшерүүгө өткөн. Анын ичине мектепке чейинки билим берүү мекемелери да кирген. Бүгүнкү күндө текшерүүдө мыйзамсыз түрдө 27 мектепке чейинки билим берүү мекемеси жана 8 мектеп менчиктештирилип алынганы маалым болгонун прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Алардын баары мамлекетке кайтарылып берилет. Учурда жумушчу топ Башкы прокуратуранын көзөмөлү менен ишин улантууда.