"Реал Мадрид" клубу 280 миллион еврого Килиан Мбаппени сатып алышы мүмкүн

"Реал Мадрид" клубу 280 миллион еврого (болжолдуу 21 миллиард 995 миллион сом) Килиан Мбаппени сатып алышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышууда.

Маалым болгондой, мадриддик клубдун президенти Флорентино Перес 20 жаштагы футболчу үчүн "ПСЖ" клубунун жетекчилигине 280 миллион евро сунуштаган.

"Париждик клуб азырынча "Реалдын" сунушунан баш тартканы менен, акыркы чечим Мбаппенин жообунан кийин кабыл алынат. Анткени чабуулчу мадриддик клубга өтүүнү каалап жатканын ачык айтса, аны кармап калуу кыйын болот", - деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, айрым басылмалар "Реал Мадрид" клубу бул жылкы жайкы трансферлерге футбол тарыхындагы рекорддук суммадагы каражат бөлөрүн жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
murat17
2019-03-27 20:57:23
Акчаны коп коротушат булар Роналду акчасын актаган мбаппе актаар бекен бирок Перес Азамат риск кылат неге Бавария ушунча акча корото албайт тушунбойм
0
Kuyoo_bala
2019-03-27 20:58:06
Мбаппе отпой калдыго Реалга менимче.
-7
murat17
2019-03-27 21:55:43
Эн коп акча короткон номер 1 Реал 2 Ман Сити 3 ПСЖ 4 Ювентус 5 Манчестер Юнайтед 6 Челси 7 Барселона 8 Ливерпуль 9 Интер 10 Бавария
-8
murat17
2019-03-27 21:56:58
Англия командаларын тушунсок болот интрига коп Реал ПСЖ ны тушунуу кыйын
-3
Dembele84
2019-03-27 22:36:35
Буга окшогон миш миштер толуп жатат трансфер боюнча,келгенден кийин анан жазгылачы сураныч!
0
Kristianuronaldu
2019-03-27 22:57:29
Мбаппе жана азар бирде болбосун бирде реалга келет реал бул бардык футболчулардын кыялы керек болсо неймардын
-1
murat17
2019-03-27 23:48:23
Kristianuronaldu,келсин келсин ич куйдуулук жок болгону озунун академиясынан жакшы оюнчу чыкпайт окшойт дайыма эле сатып алат ошол 280 милионду мага берсе атайын 2 мектеп Жана 2 университет салмакмын заманбап бизнес ачып ошол окуу жайларды керек болсо озум каржыламакмын окмоттон акча албай мугалим Жана башка ишчилерге айлык маянаны дагы озум толомокмун
-3
Bayastankyrgyz
2019-03-28 09:27:59
Келсе Реалдын.. Баркы көтөрүлүп.. Дагы атагы чыкмак
0
nemo2016
2019-03-28 12:04:53
Келсин Реал Мадрид мечтает мбаппе келип реалды бутуна тургузат ай бечералар кана Бейл кана Асенсио кана Бензема дегендер колдобойсунарбы келе элек трансферге ашыкпай ХХХХ
-1
Bale1111
2019-03-28 13:18:45
Быйылкы трансферде көптөгөн жылдызду ойунчулар келет деп ойлойм
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан