Депутат Бакыт Төрөбаев дүкөндөрдүн жана базарлардын ээлерине кайрылуу жасады

БАКЫТ ТӨРӨБАЕВ ДҮКӨНДӨРДҮН ЖАНА БАЗАРЛАРДЫН ЭЭЛЕРИНЕ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

29-мартта Сокулук районунун Манас айылында бут кийим өндүрүүчү фабрика ачылды. “Жумуш орун бул эмне?” – деген темадагы иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Ачылыш аземде депутат Бакыт Төрөбаев партия шайлоо алдында 61 ишкана ачып, 10 миң жумуш орун түзүлөрүн убада кылганын эске салып, бул 33-ишкана экенин белгиледи.

“Мамлекеттин өнүгүүсү жумуш ордунан башталат. Бул орун менен баары байланышта, эгерде продукциясы сатылбаса, анда орду дагы жок болуп, миграциянын агымы көбөйөт. Андыктан, жумуш орун өндүрүлгөн продукциянын сатылышына жана мамлекеттин бул багыттагы максаттуу саясатына көз каранды”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Ошондой эле эл өкүлү райондордун, айыл өкмөттөрдүн аймактарындагы дүкөндөрдүн, базарлардын ээлери менен сүйлөшүү жүргүзүп, ата-мекендик ишканалардан өндүрүлгөн продукциялардын сатылышын алардан суранышыбыз зарыл деген пикирин айтты.

БАКЫТ ТӨРӨБАЕВ: “ИНДУСТРИАЛИЗАЦИЯ СЫЯКТУУ КАДАМ ТАШТАШ КЕРЕК”

Бакыт Төрөбаев: “Өкмөт Борбор Азияда ЕАЭБдин аймагында жеңил өнөр-жай тармагындагы кайсы чийки заттар (сырьё) өндүрүлбөгөндүгүн билип, анализ жүргүзүп, ошол сырьёдон даяр продукцияны чыгарган завод-фабрикаларды куруу керек деп эсептейм. Жогоруда аталган аймакта атаандаштыкка шарт түзүү менен бирге өкмөт ата-мекендик өндүрүшчүлөргө коргоо чараларын жүргүзүп, тармакка индустриализация сыяктуу жаңы технологияны киргизүү - учурдун талабы”, – деп белгиледи.

БАКЫТ ТӨРӨБАЕВ: “БИЗ ӨЗҮБҮЗДҮН БАЗАРЫБЫЗДЫ ЖОГОТУП АЛЫШЫБЫЗ МҮМКҮН”

Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө: “Биздин мамлекет жеңил өндүрүшкө тез арада киришип, завод-фабрикаларды ачпаса, заманбап адистерди, модельер-дизайнерлерди чакырбасак, орто кесиптик адистерди даярдабасак анда эртең кеч болуп калат. Анткени, кошуна мамлекеттер ушул багытта абдан тез ылдамдыкта иштерди жасап жатышат. Өзүбүздүн базарыбызды жоготуп алуу коркунучу бар. Статистикага таянсак, бут кийим өндүрүү тармагында акыркы 3 жыл аралыгында өндүрүш 60 пайызга төмөндөгөн. Ал эми жеңил өнөр-жай тармагында импорт 7 эсеге өскөн”, – деп билдирди.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан